Вирус

Вирусту агезде кайсы бир тирүү организмге ылайыкташып алып, аны акырындап жеген мите курт сыңары түшүнчү элек.

"Жаңы Агым" гезитинин башкы редакторунун орун басары

  02.05.13   08:19

Эс тартканы, тактап айтканда, союз мезгилинде вирус дегенди анда-санда эле кулагыбыз чалып калчу. Вирусту агезде кайсы бир тирүү организмге ылайыкташып алып, аны акырындап жеген мите курт сыңары түшүнчү элек. Жөнөкөй турмушта деле вирус дегенди көп кезиктирбегендиктен, аны менен деле ишибиз жок эле. Анан эле заман өзгөрүп, дегеле былк этпейт деген СССР кулап, чакчалекей доор башталды. Бир атанын балдарындай ынтымакта жашаган 15 союздук республика чилдей тарап, ар ким өз арбайын согуп кирди. Он бештин бири болгон кыргыз өлкөсү да жетим баладай жетимсиреп, жумушсуз калган завод, фабрика кызматкерлери бат эле мусаапыр боло түштү. Бул кандай, эмнеге ыСыСыР тарап кетти деп эле маң болуп калдык. Көрсө биз маани бербеген, түшүнбөгөн капитализм вирусу акырындап СССР башчыларынын аң-сезимине кирип, союзду союп кеткен тура.

Ошентип эгемендүү Кыргыз Республикасына айландык. Тимеле калпагыбызды көккө ыргытып, көз карандысыз мамлекет болдук, эми өлкөдө демократия болот деп сүйүнгөнүбүзчү. Туңгуч президентибиз Аскар Акаевдин жүзү андан тамылжыйт демократия десе. Акырындап баары "демократиялашып" отуруп карапайым жаран ажого, кыз энесине, бала атасына ачык эле акаарат келтирип, "өз укугун коргой" баштады. Аялы сөгүп койгон үчүн күйөөсүн сотко берсе, окуучу мугалимдин акесин окута баштады. Анткени демократиялык өлкөдө буга мыйзам жол берет. Анан эле жети атабыз укпаган, билбеген митинг, пикет деген пайда болду. Муну биз азыркыга чейин кыргыз өлкөсүнүн укуктук, мыйзамдык жактан өнүгүүсү катары көрүп келатабыз. Аныгында бул аң-сезимге кирген вирус эмеспи. Болбосо качан эле кыргыз ата-энесин сөгүп, сабап, көчөгө таштачу эле? Качан кыргыз кыз-келиндери, апалары пикет, митингге чыгып улууларды укпай, маскарапоз болчу эле? Качан кыргыз аялы күйөөсүн алка-жакадан алып, эшекке теңеп, окуучу мугалимге сөөмөй кезечү эле? Көрсө мунун баары Батыштын аң-сезимге кирген вирустары тура. Азыр да бул вирустар кыргыздын канында ойноп, кыргызды чекесинен жеп баратат.

Интернет. Азыр аялсыз, эрсиз, урук-туугансыз жашасаң да интернетсиз жашай албайсың. Кокус интернет өлкө боюнча бир-эки күнгө жок болсо агент, твиттер, фейсбук, одноклассникте отургандардын алды асынып алат. Башкасы бүтүп интернет эми чөнтөк телефондордо да бар. А чөнтөк телефонду учурда 1-класстын окуучусунан жетимиш, сексендеги чал-кемпирлерге чейин көтөрөт. Ошол интернетте азыр эмне гана жок. Ача салганда эле интимдик темалар, сүрөттөр. Жашырганда эмне, атасы кызы менен, баласы энеси менен деген тиришумдуктар толтура. Мунун баары сотка көтөрүп, интернет клубга кирген окуучулардын, өспүрүмдөрдүн мээсине куюлуп жаткан вирус эмей эмине?! Андай сүрөттү, видеону көргөн окуучу балээни окууну ойлойбу. Аң-сезими жаштайынан андайга сугарылган баладан кийин эмнени күтүүгө болот? Мына азыр анын "натыйжасын" көрө баштадык. Бачабаздык, эркекти эркек зордуктоо, аялдын аялга тартылуусу деген түшкө кирбеген нерсе эле го илгери. Интернет клубдардагы адамды аеосуз өлтүргөн ар түрдүү оюндар. Муну көргөн бала эртең мындай кылбайт деп ким кепилдик бере алат? Себеби ар бир ой барып-барып турмушка ашат. Алсак, бир кезде сотка, пульт, интернет деген жомок эле. А азыр ар бир адам колдонот. Батыш болсо муну колдон чыгарбай ар кандай вирустарды так ушулар аркылуу мээге куюп келет.

Эми динди карагыла. Кыргызстанда эле жыйырма жыл ичинде канча диний агым, секталар пайда болду. Ислам дини эле канчага бөлүндү. Билинбей эле диний вирустар кыргыз канына сиңип, кыргызды кыргызга кас кылып салды. Мусулманчылыкты, сабырдуулукту жамынган, ашынган фанаттар бүгүн робот сыңары. Көкүрөккө, мээге уялаган вирус, программанын жетеги менен алар адам өлтүрүүдөн кайра тартышпайт. Бизде болбосо да башка өлкөлөрдө кандай кан төгүлүп жатканын көрүп жатабыз. Диний вируска каныккан кыргыз фанаты азыр баласын, ата-энесин, тууганын курмандыкка чалуудан кайра тартпай калды. Сабырдуубуз дегени менен анык кызуу кандуулар ошолордун арасында. Өз оюн ар кимге таңуулаган дин фанаттары каяша кылсаң эле мушташууга даяр. Же илгерки молдо, дин адамдары ушундай беле? Жакшы эле жашап жаткан кыргыз эли эми теңирчилер, исламчылар болуп бөлүнүп калды. Бул диний бөлүп-жаруу вирусу кайдан келди?

Башкасын коюп Манасты айт болуп, айласы кеткенде Батыш ыйык Манасты бурмалап, кыргыздын каймагын иритип таштады. Учурда Манас боюнча токсон башкача пикир бар. Ар башка пикирдегилердин алды сөгүшүп, мушташып, соттошуп да жиберишти. Ошонун баары кимдер, кыргыздар. Мына сага вирус! Бул жагынан тазалана албай жатсак, ар тараптан эт, сүт, айран, кымыздан башканы жактырбаган кыргызга тамак-аш вирустары киргизилди. Ага ар түрдүү оору вирустары кошулуп отуруп, азыр соо кыргыз таппайсың. Оорудан дары, дарыдан оору көп. Болбой эле тыштан келген кийим-кечекти кийип, тамактарды мактап жеп, дары-дармектерди кочуштап ичип атабыз. Алардын курамында кандай вирустар бар экенин бир гана Кудай билет. Кыскасы, кыргызда азыр вирустун түрү көп. Керек болсо өлкөнү да Вирус бийлеп жатат!

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223441

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.