Бишкек шаарында бир кызды уурдап кетишкен

  02.05.13   08:01
 290

Бишкек шаарында белгисиз эки жаран бир кызды күч колдонуп унаага салып, уурдап кетишкен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басмасөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 24 жаштагы жараны милицияга арыз менен кайрылган. Анын сөзүнө караганда, Турусбеков көчөсүнөн 25-30 жаштардагы белгисиз эки жаран кызды унаага салып, белгисиз тарапка алып барышкан. Тоноочулар аны сабап туруп 570 долларын алып кетишкен.

Борбор калаадагы ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери "Ууру" деген аталыштагы рейд өткөрүшүп, натыйжада Ош облусунун 28 жаштагы жаранын колго түшүрүштү. Кылмышкер ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына алынып келинди. Тартип сакчылары анын шеригин издешүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223443

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.