Алдамчылык менен шугулданып жүргөн Бишкек шаарынын тургунун кармашты

  02.05.13   08:07
 262

Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери алдамчылык менен шугулданып жүргөн Бишкек шаарынын тургунун кармашты. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басмасөз кызматы билдирди.

Учурда милицияга алдамчы айымдан жабыркаган 4 жаран кайрылган. Тартип сакчыларынын айтымында, Сокулук районунун 37 жаштагы тургуну 2009-жылы эле "Ак-Ордо" жаңы конушунан жер аймагын алуу үчүн 4 миң АКШ долларын берген. Бирок, бүгүнкү күнгө дейре сатуучудан жердин документин ала алган эмес. Укук коргоо органдарына дагы "Ак-Ордо" конушунун 3 тургуну, Жана аттуу айымга карата чара көрүлүшүн өтүнүп кайрылышкан. Алардын айтымдарында, Жана аттуу айым жок эле жер участокторун 4 миң долларга саткан.

Сокулук РИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Жыйынтыгында, борбор калаанын 38 жаштагы жараны кармалды. Кармалган айым күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө берди. Учурда убактылуу кармоочу жайга алынып келинди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223447

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.