Израилдик ишкерлер өнөктөштөрүн кыргызстандык кесиптештеринин арасынан издешет

  02.05.13   08:11
 270

Мындан 65 жыл мурун Израилге көз карандысыздык орногон. Аталган өлкө 21 жыл мурда символдуу түрдө Кыргызстандын көз карандысыздыгын алгачкылардан болуп тааныган.

"Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында миңдеген жөөттөр коргонуу үчүн, Кыргызстандан башпаанек табышканын Израилдин азыр деле эсинде. Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр достук менен байланышты улантып жатышат", деди Казакстандагы жана Кыргызстандагы Израилдин элчиси Элияу Тасман.

"Бизди байланыштырып турган жандуу көпүрө бул, өздөрүнүн тарыхый мекенине кайтып келишкен Кыргызстандын жарандары болуп саналат. Алар экинчи мекени менен болгон байланышты үзбөй келишет", - деп кошумчалады дипломат.

Израилдик ишкерлер Кыргызстанга болгон кызыгуусун билдиришти. Жакында Бишкекке Dan alon infrastructures ltd компаниясынын өкүлдөрү келишкен.

Эске салсак, аталган компания жаңы технология, айыл чарба, альтернативдүү энергия булактары жаатында иш алып барат. Ишкерлердин айтымында,алар Кыргызстанга өнөктөш табуу үчүн атайын келишкен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223448

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.