Москвалык киноактерлор театры Кыргызстан менен болгон байланышты улантат

  02.05.13   08:14
 378

Москва мамлекеттик киноактерлор театры Кыргызстан менен болгон байланыштын алкагында ушул жылы бир канча иш чара уюштурууну пландоодо. Бул тууралуу "ВБ"га театрдын директору Сурен Шаумян, ошол маалдагы КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаев менен Москвада жолугушуу учурунда билдирди.

Эске салсак, Базарбаев Бишкекке келээри менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев анын талапкерлигин социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна көрсөткөн.

Базарбаевдин айтымында, Шаумян Кыргызстанды жакындан жакшы билет. Ал 2011-жылдын ноябрында өткөн Кыргызстандагы Орусия Федерациясынын маданият күндөрүндө республикага келген. Ошол мезгилде аны менен бирге аталган театрдын артисттери да келишкен. 2012-жылдын сентябрында Шаумян Орусия Федерациясында Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн өткөрүүдө негизги уюштуруучулардын катарына кирген. Театрдын аянтында аталган программага карата иш чаранын жарымы өткөн.

"Сурен Шаумян менен болгон маек учурунда мындан аркы байланыш тууралуу кенен талкуу кылдык. Аталган театр Москвада өтө турган Айтматов күндөрүнө активдүү түрдө катышууга даяр. Иш чара жазуучунун 85 жылдыгына карата өткөрүлөт. Балким ошол эле театрда Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлөт", деди Кудайберген Базарбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223449

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.