Галимулин: Назарова жоопкерчиликке тартылып, татыктуу жазасын алышын каалайм

  02.05.13   08:15
 306

Учурда Назарова Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайында жатат. Ага карата сот иши качан болоорун туугандары дагы билишпейт. Бул тууралуу "ВБ"га каза болгон аялдын күйөөсү Тимур Галимулин билдирди.

Аталган кырсык эки кишинин өмүрүн алып кеткен. Рулда отурган Валентина Назарованын кайдыгер мамилесинен улам боюнда бар жаш аял каза болгон.

Камила Ахметованын ата-энеси бир убакта жалгыз кызынан жана төрөлө элек небересинен айрылып калышты.

Эске салсак, 21-апрелде жол кырсыгы катталган. Жыйынтыгында жаш айым каза болуп, 5 унаа жабыркаган. Болжол менен саат 17.30да Toyota Land Cruiser унаасы Жукеев-Пудовкин көчөсү менен бара жатып, ичиндеги айдоочу айым рулду башкара албай калган. Натыйжада жол жээкте токтоп турган унааларды барып сүзгөн: "Тойота-Авенсис", "Мерседес-320", "Субару-Легаси" жана "Мазда-626". Кырсык акыркы унаадан (такси) 1992-жылы туулган жүргүнчү жерге түшүп баратканда болгон. Бишкек шаарынын тургуну ошол жерден каза болгон. Ошондой эле анын 5 айлык боюнда бар экендиги аныкталган.

"Назарова жоопкерчиликке тартылып, татыктуу жазасын алышын каалайм. Бүгүнкү күнгө чейин ал айым бир дагы жолу мага да, Камиланын ата-энесине да чалып койгон жок. Ал өкүнүп кечирим сураган да жок", - деди Камиланын күйөөсү Тимур Галимулин.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223450

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.