Бечара мугалимдер, жаттама окуучулар жана "реформадан" кеп салган министр мырза

Дүйнөнүн кайсы гана өнүккөн өлкөсүн карабаңыз баары тең алгач билим берүү тармагын жакшыртып алып анан башка тармактарга тиш салып келишет. А биздечи?
  02.05.13   08:52
 939

3 жаштан кийин кеч болуп калат экен…

Негизи балага билим берүү эненин карынында жаткандан башталарын илимпоздор кайра-кайра какшай берип тилдери тешилмей болду. А дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү "баланы башынан" деген сөзге терең маани беришип, балдарына кенже куракта билим берүүнү колго алып келишет. Илимпоздор 3 жашка чейин эле балдарга көп нерсени үйрөтүп коюуга мүмкүн экенин тастыкташты. Атүгүл алар "3төн кийин кеч болуп калат" деген китеп да жазып жүрүшөт (Sony корпорациясынын кожоюну Масару Ибука жазган "После трех уже поздно"). Көрсө, 3 жашка чейинки балдар маалыматты кебез суу соргондой эле кабыл алат тура. Муну шаардык ата-энелер эле билбесе, элеттегилердин дале кабары жок.

Негизи кыргыздарда бала баладай, башы көзү чарадай болгону эле жакшы деп анча маани бербейт эмеспизби. Анан дагы баарын мектептен үйрөнүп алат, мектепке чейин баланы кыйнабаш керек деп койгорн жайыбыз да бар эмеспи. Анан балабыз 6-7ге чыкканча талаа-түздө эле ойноп чоңоет. Балким жакшыдыр бул нерсе. Бирок илимпоздор балага курсактан баштап 3 жашка чейин өтө кылдат, аяр мамиле кылыш керектигин далилдеп келишет. Жапонлдордун Монтесорри деген кенже курактагы балдарды тарбиялап,Ю билимс бьерген системасы итууралуу Роза Исаковна айтса оозумду ачып калыптырмын. Ошол системада тарбияланган 1,5 жаштагы бала памперсин өз алдынча эле алмаштырып коет экен. А биз кыргыздар мындай өз алдынчалыкты анчейин жактыра бербей, чыйрактын шыйрагы калат, баладай эмес экен деп жаман көрөбүз. А бирок биз көп жагынан уттуруп жатабыз.

Элестетиңиз. Кыргызстанда 7 жашка чейин 800 миң бала болсо ошолордун 13 пайызы гана бала бакчага барат экен. Демек, калган 87% бала кандай шартта тарбия алып жатканы белгисиз. Мунун да жүйөлүү себептери бар. Анткени союз убагында Кыргызстан боюнча 1696 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме болсо, учурда алардын 717си гана калган. Калганы колдон колго өтүп, мыйзамсыз да, мыйзамдуу да менчиктештирилип кеткен. Мурдагы бала бакчалардын имараттары алды Башкы прокуратуранын кеңсесине айланса, арты сойкуканага айлаенып отурат. Кеп имаратта деле эмес, андан көрө ошол имараттын ичиндеги билим берүү жөнүндө айтайын…

Негизи кандай гана кыйынчылык болбосун балдарды бала бакчага жибериш керек экен. Жөнөкөй эле мисал: шаарда өскөн бала менен айылда өскөн баланын айырмасы. Шаардыктар кичинесинен бала бакчага баргандыктан маалыматка эрте сугарылып, замандаштарынан алда канча алдыга кетишкен болот. А айылдыктар 6 жашка чыкканда гана мээсине бир нерсе кирип жатат. Демек билим алууда болгон теңсиздик ушул жерден башталат. Эрте жашында бакчага барган адам жогорку окуу жайын да эрте бүтүрөт. Ушул жерден кенже курактагы балдардын маалыматты кабыл алуусу жогору болорун цифра менен айта кетейин. Адамдын маалыматты кабыл алуусу 4 жашка чейин 50%, 4 жаштан 8 жашка чейин 30% жана 8ден 18ге чейин 20%ды түзөт экен. Демек 4 жаштан 18 жашка чейинки убакыт биздин 4 жашка чейинки убактыбызга барабар болуп жатат. Ошондуктан билим алууга, тарбиялоого болгон инвестицияны ушул куракта салыш керек. Бала үчүн 7 жашка чейин короткон ар бир долларыбыз кийин 7-8 доллар болуп кайра келерин адистер белгилешет. Маселен, бала англис тилин кенже куракта бир айда єздєштрє турган болсо, кийин чоңойгондо 3 ай коротуп майнап чыкпай жүргєндєрдү кєрүп эле жүрсєңүз керек.

Бир сөз менен айтканда кенже курактагы билим берүүнү ролу өтө чоң жана кечиктирилгис. А кыргызстанда абл кандай? Биринчиден, муниципалдык бакчалардын саны тартыш, берейин десе кезек күтмөй, акча сурамай, тааныш-билиш жана башка. Экинчиден, менчик бала бакчага берейин десе 10 миң сом карапайым адам үчүн өтө эле кымбат. Тактап айтканда мүмкүнчүлүк жок. А мамлекет бул маселени саясый маселелердин фонунда унутуп деле калды окшойт. Бирок калп эле наалый бербей альтернативалык чечүү жолун издешибиз керек. Чечүү жолу 1-класска чейинки 240-480 сааттык окутуу программасы. Бул долбоорду да Дүйнөлүк банк, ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык уюмдар каржылап жатат. А мамлекет ошол балдарды окутчу мугалимдерге маяна төлөп бере албай чамасы чарк. Айла кеткенде ата-энелер акча чогултуп мугалимди иштетип жатканы өтө өкүнүчтүү. Балдарыбыз бакчага барбаса да жок дегенде мектепке чейинки акыркы жылда калем кармап бир нерсе үйрөнүп алышсын да. Болбосо эч нерсе билбеген балага тамга таанытыш деле кыйын болсо керек.

Бирөөсү бала бакчада, экинчиси талаа түздө болуп отуруп мектепке кирди дейли. Бирок, маселе ушу менен чечилип калбайт да. Ата-энелер мектепке түртө салганды абдан жакшы өздөштүрүп алышкан. Өзүнүн баласы жөнүндө сөз болуп жатса деле мугалимди, мектепти күнөөлөй беришет. Болбосо биринчи жоопкерчилик ата-энеде, андан кийин гана мугалимде да. Акыры баланы мугалим бул дүйнөгө алып келген жок да. А мугалимдин айлыгы 6-7 миңден ашпай атса кайдагы татыктуу тарбияны, сапаттуу билимди берет. Ошол эле учурда мугалимдин да балдары бар экенин унутпашыбыз керек. Ал деле баласын бакчага бериш керек жана башка толгон-токой күнүмдүк маселелер.

Тангенс, котангенстин кимге кереги бар?

Менимче мектептеги билим берүү системасы жаңыланууга муктаж. Биздин министрлик реформа десе эле сааттарды кыскартып баштайт эмеспи. Жаңылануу дегенде кандай? Мисалы, айрым предметтер союз убагында калыптанган бойдон эле эч өзгөрүүсүз келатат. Замандын өзгөргөнү менен эч ким эсептешкен жок. Менин жеке пикиримде окуучу башталгыч класста 4 амалды билсе болду (кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүү). Андан кийин ага логика деген эле сабак киргизип, математика сабагын каалагандар үчүн гана тандамал сабак катары киргизиш керек. Куудулдар айтмакчы тангенс, котангенстин пайдасы ташка эле тийбесе кызыл аттестат менен бүткөн мен деле ошолордун пайдасын көрө албай койдум. Анан тилге өзгөчө артыкчылык бериш керек го дейм. Анткени орус тили, англис тили өтүмүш болгону менен эч жыйынтык жок. 11-классты бүткөндөрдүн кыйындары орус же англис тилинде өмүр баянын араң жазат. Мисалы биздин орус тилден берген эжебиз (сабактын атын дептерге орусча жазганыбыз болбосо) кыргызча эле өтчү. Анан дагы динчилдер, фанаттар көбөйгөн бул заманда дин таануу сабагы замандын талабы деп эсептейм. Бул сабак аркылуу бир гана исламды таңуулабай, дүйнөлүк диндерден да түшүнүк берилиши керек. Болбосо динден тышкаркы өлкөбүз дегенибиз менен дин бузар молдолор көбйүп, алды Сирияга чейин кетип жатышпайбы. Мектептердеги ыйман, адеп сабактарын өз деңгээлинде өтө турган адистер жок. Биздин айылда адеп сабагы мурда чабан болуп жүргөн киши берип жатканын угуп алып айла жоктон күлдүм. Бул темада менин айылым жалгыз болбосо керек.

Жаттама "отличниктер" кайдан чыгат?

Баса белгилеп кетчү жагдай көп эле мектептерде тилекке каршы жаттама отличниктерди даярдап чыгарат. Маселен, тарых сабагында мугалимдер болгон окуялардын өзөгүн, маанисин түшүндүрбөй эле даталарды жаттатырышат. Же орус тил адабиятынан орусча ырдын маанисин ачып бербей туруп эле жаттаткан сыяктуу. Топиктерди, "Бүгүн ким келген жок?", "Класста ким дежур?" дегенди англисче үйрөтүп коюп эле негедир мугалимдер бактылуу боло беришчү. Анан жаттама окуучунун кашайып логикасы өөрчүбөй өз алдынча ой жүгүртө албай, жүгүртсө да кыска аралыкка жүгүртөт тура. Жасалма отличниктер анан өңү кызыл, заты жок аттестат алышат. Же ал аттестат бир нерсеге жарасачы? Байкуш ата-энелер кой союп ойда майлаганы канча...

Дагы жакшы Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) чыгып, логикалык ой жүгүртүп, сынактарга даярданууда даталарды жаттабай калдык. ЖРТни канчалык сындасак да аны алмаштыра турган билимди баалоо системасын көрө албай турам. Бирок ОшМУнун ректору айтмакчы окутуу системабыз советтик, баалоо системабыз америкалык болуп жатканы өзүнчө бир кызык.

Ал эми ЖОЖдогу коррупцияны коюп, болон системасына жапырт киргенибиздеги кызык жагдайларды ачыктап берейин. Болон процессине өтүш үчүн биринчиден, ар бир окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, профессордук-окутуучулук курамы ошол системага жооп бериш керек эле да. А бизде эмне бөрк ал десе баш алган саясат менен баарыбыз болончо "окутуп жатпайбызбы". Ошол мугалимдер өздөрү эле "каяктагы системага кирдик эле түшүнбөй башыбыз катып жатат" деп баштарын тырмап жатышат. Туура эле анткени аларды алгач окутуш кере эле да. Негизи студенттердин канча сабак алганы, алардын баалары болон процессинде автоматташтырылган система менен же башкача айтканда компьютердин жардамы менен эсептелиши керек. Ошол системага кириш үчүн 1 компьютерге 6 бала туура келиш керек болсо, бизде 1 компьютерди 12 бала сагаалап отурат. А мектептерде 1000 балага 15 компьютер туура келет экен. Же ал компьютерде интернет жок. Интернети жок компьютер майы жок машинедей эле да. Анан кайдагы ааламдашуу, кайдагы компьютерлештирүү, кайдагы болон процесси.? Анан да ушул процесске кире калсак эле билим сапаты жогорулап, коррупция азайчудай болуп эле министрдин ушул теманы бетке кармап берген маектери кыжырды кайнатат.

Ток этерин айтканда

Негизи бардык эле нерсени акча чечип калбадыбы. Мугалимдер канчалык өз ишинин фанаты болбосун материалдык жактан камсыз кылмайынча каяктан чын дили менен иштеп, балдарга мээрим төксүн? Маяна жогорулаганда гана мугалимдин кадыр-баркы көтөрүлөт. Негизи азыр мугалимдерде аброй деле калган жок. Өз окуучусунан начар кийинип турса мугалим деле басынат да. Бай, кедей болуп бөлүнүп калган заманда мугалимдер кедей эле калк да. Негизи мектепте же жогорку окуу жайда начар окугандардын көбү мугалимдикке барат деген айтымга айла жоктон баш ийесиң. Анткени тыңдардын баары чет өлкөгө чыгып кетет, башка жумушта иштейт ишигылып мугалимдикке оңой менен барбайт. Кыскасы мугалимдердин айлыгын көтөрмөйүн мугалимдин да, билим берүүнүн да деңгээли көтөрүлбөйт. Материалдык жактан камсыз кылып туруп анан сапат жөнүндө сөз кылсак жөндүү болор беле? А министрлик болсо том-том стратегия, пландарды жазып, ачык саат өтчү мугалимдей болуп кагаз жүзүндө иш алып баруу менен алек…

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223451

 Комментарийлер:
#1 Гости
2013-05-02 23:02:30 Цитата / 0 / -

Келечектеги жашообуз жаштардын колунда, алар эмгеке жарап толук билим алгыча

улуулар камкордук корбосо алар мерез жумуштан чакар болуп батектей сакал коюп

ата-энесине карабай басып кетип жатканына кубо болуудасынар 5-6 кылым артка кетип.

#2 Kadam
2013-05-05 10:39:24 Цитата / 0 / -

Маселе абдан туура коюлган. Пилотный проект деп коюп эле 20 жылдан бери билим берүүнүң тамтыракайын чыгарышты, көрүнгөн методиканы сунуштай берип. Мугалимдердин айлыгын татыктуу көтөрүп берсе, андан соң билимин жогорулатуунун колго алышса жакшы болот эле. Директордун жемкору болгон Попечительский советтин иш тажрыйбасын үйрөнүүгө жол бар да, а билим берүү тажрыйбасын үйрөнүү үчүн кошуна өлкөлөргө барууга жол жок. 2010-жылы Дүйнөлүк банк каржылап республика боюнча баардык налоговиктер №2 резиденцияга окууга барышкан, баары мас болуп алышып, тренинг үзгүлтүккө учураган.Ошолорго корогон кайран акча, андан көрө мугалимдер барышса жыйынтык жакшы болмок. Мугалимдерге байма-бай тренинг өтүп туруш керек.

#3 Жылдыз
2014-08-02 20:48:08 Цитата / 0 / -

Мен да мугалимдик кесипти окуп жатам. Буйурса 2015 окуну бутом, бирок мен ушул кесип менен иштеп кете аларыма козум жетпейт.Себеби акчасы аз!Мага жагат кесибим, бирок айлыгын которуп койсо жакшы болмок. Сенин акчан жетпей кыйналып жатсан маанайын жок болсо кантип балдарга билим бересин?Ойундун баары башка жерде учуп журсо.Ким жардам берет,бары эле айлыкты которуш керек анан да коп нерселерди жаза бербей чынында пайдалуу болгудай кыймылдаса келечегибизге жакшы болмок

#4 Винура
2015-11-02 19:36:23 Цитата / 0 / -

оа, туура маселе козгопсуздар. Эске тутуу жашынан деп жатасыздар менда кошулам англис тилин да 1-класстан киргизишкерек менин сунушум

#5 гулумкан
2017-02-26 05:59:04 Цитата / 0 / -

Эн туура .Чондорубуз кыргыз тилин онуктурсо болотко Кыргызстан жалан орус озбек азер тилдерине толуп кетип жататко кыргыз тилин суйлогондор аз мени ошол окундурот мектептерде китептер жетишсиз ата енелер озубуз сатып берип жатабыз жада калса жомок китептери жок екен аны да озубуз сатып алып бермей болуп жатабыз,мамлекет башкаргандар емне кылып отурушат ушуга окшогон нерселерге консул болбой еми кыргызстанга куйуп бышкан Адам келипкалса екен.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.