Кары далы кыздар тууралуу тасма тартылды

Жаш кинорежиссер Алижан Насыровдун "Кара далы" аттуу 20 мүнөттүк тасмасынын бет ачары бүгүн болот. Аталган тасма Германия менен биргеликте тартылган.
  02.05.13   08:41
 503

Эл аралык фестивалдардан баш байге алуу боюнча рекорд коюп келаткан кинорежиссер Алижан Насыров "Кара далы" аттуу тасмасын дүйнө көрүүчүлөрүнө тартуулоо алдында турат. Аталган тасма Германиянын каржылык колдоосу менен тартылган. Насыров тасма аркылуу кара далы кыздардын көйгөйүн ачып берүүгө аракет кылган. "Мен айтайын деген оюмду тасма аркылуу бердим. Ар бир көрүүчү өзүнүн деңгээлине жараша кабыл алат. Билинбеген менен турмушка чыга элек кыздардын маселеси курч бойдон калууда" дейт фильмдин автору. 20 мүнөттүк көркөм фильмдин бет ачары Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде бүгүн 2-майда саат 14:00дө болот. Бет ачарга белгилүү кинорежиссерлор жана көптөгөн кино күйөрмандарынын катышары күтүлүүдө. Уюштуруучулардын айтымында каалоочулар үчүн эшик ачык.

Эске салсак, Алижан Насыров Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Радио, телевидение жана киноискусствосу бөлүмүн бүтүргөн. Ал буга чейин "Кыштоо", "Суу", "Ата" сыяктуу даректүү тасмалары менен дүйнөлүк кинофестивалдарда 20га жакын баш байгеге татыган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223455

 Комментарийлер:
#1  
2013-05-02 21:43:13 Цитата / 0 / -

барбай калдым, кааап...

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.