Кара-Көлдө 40 кг кара куурай менен наркокурьер кармалды

  02.05.13   09:49
 308

ИИМдин маңзатка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жана Кара-Көл ИИБнын маңзатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери бирдикте иликтөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун тургуну чоң көлөмдөгү маңзат колго түшүрүштү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-апрель күнү 1955-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургунун милиция кызматкерлери 40 кг марихуана менен кармашкан. Маңзат машинадагы жүргүнчүлөрдүн биринин буюмдарын текшерүүгө алган учурда табылган. Иликтөө бөлүмү "Маңзатты мыйзамсыз даярдаган, сактаган жана ташыган" деген берененин негизинде кылмыш ишин козгоп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223457

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.