Феликс Кулов: Жети атамды кагазга жазып койгом. Мен солтомун, аялым сарыбагыш

Кулов менен кыпкыргызча маек курдук. Феликс мырза "ну" дегени болбосо кыргызча жакшы эле сүйлөп калыптыр.
  02.05.13   10:09
 1731

Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн жетекчиси, "Ар-Намыстын" лидери Феликс Кулов менен кыпкыргызча маек курдук. Феликс мырза "ну" дегени болбосо кыргызча жакшы эле сүйлөп калыптыр. Сүйүнүүгө негиз жок. Анткени эчак эле кыргызча үйрөнүш керек болчу. Куловго тил, саясаттан баштап, Батукаев, Акматбаевге чейинки суроолорду узаттык.

- Эмне үчүн 20 жылдан ашык убакыт бою кыргыз саясатында жүрүп кыргыз тилин өздөштүрө алган жоксуз? Азыркы учурда кыргыз тилин толук кандуу билем деп айта аласызбы?

- Адабий тилди суудай билем деп айта албайм. Ачык айтышым керек. Менимче азыркы жаштардын көбү адабий тилди билишпейт. Анан дагы мага юридикалык терминдерди кыргызча айтуу кыйын болуп жатат. Бирок эл менен жолукканда кыргызча сүйлөп атам. А бирок көп учурда орусча, кыргызча аралашып кетет.

- 20 жылдан бери кыргызча жакшы сүйлөй албай жатканыңызга эмне себеп болуп жатат? Же каалооңуз жок болуп жатабы?

- Биринчиден, методикалык материалдар жок. Мисалы, англисчени үйрөнүүдө атайын деңгээлдер бар. TOEFL тапшырышат. Эгерде кыргыз тилинде жакшы материалдар, күчтүү адистер болсо үйрөнгөнгө жакшы болмок. Бирок, мен буга чейин мындай шарттарды көрө элекмин. Негизи тил үйрөнүш үчүн өз алдынча да даярданыш керек. Мен, мисалы, кыргызча гезиттерди окуйм. Мен үчүн психологиялык барьер тоскоол болуп жатат. Анан практика аз. Мага ушулар кыйын болуп жатат. Ошентсе да фракциянын отурумунда кыргызча эле сүйлөйм.

- Кыргыз тилин үйрөнүүгө канча убакыт сарптадыңыз?

- Көп жыл болду. Мектепте, академияда орусча билим алдым. Кийин мен иштеген органдар да орусча иш алып барчу. Түрмөдө отурганда да ал жакта көбү орусча сүйлөшчү. Азыр кыргыз тили боюнча мыйзамдын кабыл алынышы жакшы. Бул мыйзам жаштар үчүн абдан маанилүү. Анткени алар кыргыз тилинин адабий нормасын билишпейт. Биз иш жүзүндө да кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошуп жатабыз. Биздин фракция Кыргыз-орус славян университетинин окутуучулары Аттокуров менен Жапановго 50 миң сомдон жардам бердик. Алар сөздүк чыгарып жатышат.

- Кыргыз тилин билбеген аткаминерлерди жазалоо идеясына кандай карайсыз?

- Ушундай талап болуш керек. Бирок баары эле дароо ишке ашпайт. Бир лингвист бир жыл ичинде 2 миң сөз үйрөнүүгө болот деп айтат. Кийинки жылы дагы 2 миң сөз. Анан ушундай этап менен үйрөнсө болот. Эртең баары кыргызча сүйлөп калыш керек деген бул фантазия. Ошон үчүн бул мыйзамга каршы чыккандар болуп жатат. Ошондуктан бул мыйзамды этап-этабы менен жасаш керек.

- Кыргыз тилин үйрөнөм деп жаткан башка улуттун өкүлдөрүнө кандай кеңеш берет элеңиз?

- Биринчиден, оозеки тилди анан гана грамматиканы үйрөнүү зарыл. Алгач күнүмдүк жашоодо пайдаланылган 500 сөздү жаттап алыш керек. Экинчи этапта улам кийинки 500 сөздү үйрөнсө болот. Анан дароо эле адабий тилди билиш керек деген туура эмес. Негизи кыргыз тилин өнүктүрүүдө Билим берүү министрлигигинин ролу чоң болуш керек. Бала бакчадан, мектептен баштап кыргызча үйрөтүш үчүн.

- Сиздин бир күнүңүздү ала турган болсок, пикир алышуунун канча пайызын кыргызча жүргүзөсүз?

- Эми кырдаалга жараша болот да. Эгер орусча билбеген адам менен сүйлөшсөм 90 пайыз кыргызча сүйлөйм.

- Тилден саясатка өтсөк. Азыр коомчулукта парламентти таркатуу идеялары байма-бай көтөрүлүп жатат. Парламент тараш керекпи?

- Парламентти таркатууга негиз жок. Бул демилгени көтөрүп жаткандар парламентти таркатыш керек, анткени парламент коррупцияны жайылтып жатат деп айтып жатышат. Бул эч кандай далили жок үстүртөдөн айтылган сөз. Ошондуктан буга эч кандай комментарий бере албайм.

- Анда мындай суроо: көпчүлүк коалициясын бир класс деп эсептесек, сиз ошол класстын жетекчисисиз. Мугалим катары көпчүлүк коалицияга 5 баллдык система менен канча коет элеңиз?

- Эми парламенттин ишмердиги канааттандырарлык деп ойлойм.

- Демек 3пү?

- Ооба, өзүбүздү сындаганды да билиш керек да. Кемчиликтер бар. Негизи 3 алган балдардын арасынан таланттуулар көп чыгат. Мисалы, Пушкин, Ньютон. Бизде таланттуу депутаттар бар. Негизи парламенттин ишмердигин элге журналисттер жеткирет. Коомдук пикирди ЖМК жаратат. Анан журналисттер парламенттин жаман жактарын чукуп жазышат. Мындай карасаң 4-бийлик өкүлдөрүнүн миссиясы ошол экен да. Баары ачык болуп жатат. Ошондуктан эл арасында парламент начар деген пикир калыптанып жатат.

- Сиздин фракция тарабынан дайындалган Мамлекеттик каттоо кызматына, Каржы жана Айыл чарба министрлигине көптөгөн сындар айтылып жатат. Өзүңүздүн кишилерге кандай баа бересиз?

- Каржы министри жакшы эле иштеп жатат. Сабаттуу аял экен. Ал эми Айыл чарба министри Узакбаев аракет кылып жатат. Дагы убакыт бериш керек. Бирок айыл чарбасы кандай абалда экенин жакшы билесиздер. Акча жок, маселе көп дегендей. Ошондуктан Узакбаев киргизип жаткан жаңычылдыктарды колдоп, жыйынтыгын күтүшүбүз керек. Негизи бизде потенциял бар. 3 ай эле болду да, бир жылдан кийин ишмердиктерине баа берсе туура болот. Негизи бизде кадрларга ачкачылык бар. Ал эми Каттоо кызматы реформа кылганга аракет кылып жатат, бирок, азырынча жыйынтык жок. Тендер өтүп калса Каттоо кызматы толугу менен автоматташтырылыш керек. Айдоочулук күбөлүктөрдү ИИМге берип, Каттоо кызматын бир гана элди каттоо менен алек болгудай кылалы деп жатабыз.

- Азыр интернетке сиздин атыңызды жазсак, Батукаев деп чыга турган болуп калды. Деги эле Батукаев сиздин кимиңиз болот? Бирөө күйөө баласы десе, экинчиси кайнагаңыз дейт...

- Эч кандай байланышым жок. Микроскоп менен издесеңер да таппайсыңар. Эмне үчүн мага жабыштырып жатканын эч түшүнбөйм. Бул кара пиар. Башыңа кирпич түшүп, эмне үчүн менин башыма түштү дегендей эле суроо болуп жатат. Менин аялым нукура кыргыз. Атасы Токтогулдан, адыгине уруусунан, апасы Кочкордун сарыбагыш уруусунан. Анан каяктагы байланыш? Мен ушулардан такыр чарчадым. А өзүм чечендерге кайнаса да каным кошулбайт.

- Эми мынча болду өзүңүздү тегиңизди да тактай кетсеңиз?

- Биз солто уруусунан болобуз.

- Жети атаңызды билесизби?

- Албетте билем. Кагазга жазып койгом, бирок азыр жанымда жок. Негизи ар бир кыргыз жети атасын билиш керек.

- Батукаевге паспортту Мамлекеттик каттоо кызматы берди да. Ал кызматтын жетекчиси сиздердин партиядан экени белгилүү. Буга кандай комментарий бересиз?

- Бул болбогон сөз. Биздин эч кандай тиешебиз жок. Баары мыйзам чегинде. Муну депутаттык комиссия иликтеп жатат. Каттоо кызматынын күнөөсү бар же жок экенин ошолор айтат.

- Гезиттердин бирине берген маегиңизде Батукаевдин өлкөдөн чыгышына бирөөлөрдүн түздөн-түз тиешеси бар экенин айтыптырсыз. Сиз айтып жаткан бирөөлөр кимдер?

- Мен билбейм. Бирок бир күндө соттун чечими чыгып, самолеттун күтүп турганы шек жаратып жатпайбы...

- Демек, сотко, тиешелүү органдарга басым жасай ала турган жогорку бийлик өкүлдөрү десек болобу? Анткени ошолор гана таасир эте алса керек...

- Мен азыр айта албайм. Муну комиссия иликтеп жатат.

- Жакын досуңуз Үсөн Кудайбергеновду жерге берип жатканда күнөөлүүлөрдү сөзсүз табам деп сөз бердиңиз эле. Ошол убада канчалык деңгээлде аткарылды?

- Үсөндү Рыспек Акматбаевдин балдары өлтүргөн. Бул оперативдик маалымат. Үсөндү өлтүргөндөрдү кудай өзү жазалады. Мындайча айтканда акыйкаттык орундалды.

- Рыспек Акматбаевди сизди өлтүрткөн деп айтып жүрүшөт. Бул сөздүн канчалык деңгээлде жүйөсү бар?

- Акматбаев менин жакын адамдарымды өлтүрөм деп коркуткан. А мен ошол учурда Рыспекке: "Эгер менин жакын адамдарыма зыян келтирсең мен сени өлтүртөм" деп айттыргам. Анан эле Акматбаев каза болуп калды. Ага тиги дүйнөгө сапар алышына ким жардам бергенин айта албайм. Бул жөнүндө башка кеп кылгым келбейт.

- Президенттин ыйгарым укуктары күчөп баратат деген пикирге кандай карайсыз?

- Президент демилгени өз колуна алып стратегияларды кабыл алып, сот тандоо кеңешине киришип жатканы жакшы нерсе. Анткени бул иштерди президент мажбур болгон үчүн жасап жатат. Атамбаев жасабаса ким жасайт? Же парламентте мындай укук болбосо.

- АКШ авиабазасы 2014-жылы Кыргызстандан чыгарына көзүңүз жетеби?

- 11-майда биздин партиянын 11-съезди болот. Ошондо президенттин авиабазаны чыгаруу, ГЭСтерди куруу демилгесин колдоп чыгабыз. Эмне үчүн колдойбуз? Анткени инвесторлор Атамбаев жалгызбы деп чочулап жатышат. Биз президентке жардам берип, Атамбаевди колдошубуз керек. Кыргызстан инвесторлорго, өнөктөштөргө муктаж болуп жатат.

- Бажы биримдигине киргенде Кыргызстан утабы же утулабы? Орусиячыл деп айтылып жүргөн партиянын лидери катары пикириңиз кандай?

- Менимче Бажы биримдиги Кыргызстанга пайда гана алып келет. Анткени 1 миллионго жакын мигранттарыбыз Россияда иштеп жүрүшөт. Биз Россия менен өнөктөш болсок жакшы эле болот. Анткени биз өндүргөн айыл чарба азыктары, кийим кечелер Америкага чыга албайт, Россияга чыгат. Күйүүчү майдан баштап көп товарларды Россиядан аларыбызды унутпашыбыз керек. Ошондуктан Бажы биримдигине кириш керек. Бул геосаясаттагы туура кадам. Биз орусиячыл эмес эле кыргызчыл партиябыз.

- Шаардык кеңешке болгон шайлоо туура эмес өткөнүн айтканыңыз менен иш жүзүндө эч нерсе кыла алган жоксуз. Муну кандай түшүнсө болот?

- Мындай эмес. Биз кийинки шайлоодо ушундай ыплас иштер жасалбашы үчүн мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизип жатабыз. Кудай буюрса парламент колдоп берет деп ишенем.

- 65ке келип калыпсыз. Сиздин ордуңузда 30-45 жаштагы адам отурса балким майнаптуу иш кылмак. Кандай дейсиз?

- Атам 65ке чыкканда "жетекчиде эң негизги кайсы сапат болуш керек?" десем дайыма жаңычыл болуш керек деген. Анын сыңарындай жаңы, жакшы идея бар болсо жашка карабаш керек. А ошол сиз айтып жаткан жаштарда тажрыйба барбы бул өзүнчө суроо. Бизге эл ишенип, шайлап жатса неге иштебешим керек? Баарына эл тараза. Жашмын деп эле жулуна берген да туура эмес.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223459

 Комментарийлер:
#1 боря
2013-05-02 12:46:18 Цитата / 0 / -

Элдин ишениминен чыканы качан бул Куловдун фракция - дегенди пайдалана калып элдин

убалына калганын билсе да билмексен, ак ит кара ит баары бир дегендеги иттин бири.

#2 ема
2013-05-02 18:38:37 Цитата / 0 / -

куловдун батукаев менен байланышы бар экени чын. андан сырткары тынычбек акматбаевдин олумуно да тиешеси бааар болбосо тынычбектин олугун бербей аткан батукаевге кулов барса эле олукту алып кетууго уруксат бергенин не дейсинер? эээ кулов, кулов. сен билбейт дейсин. бирок эл копту билет. себеби былыгынды канча жапсан да толк жок бирок, озун айтмакчы адилеттик орнойт орнойт анан коробуз кимдин ким экенин

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.