Австралияда адам органдарын алмаштырган кытай хирургду айыпташууда

  02.05.13   10:03
 264
 

Хуан Жей Фу Сиднейде жакында профессор наамын үч жылга узартып алган болчу. Ал Кытайда Саламаттык сактоо министринин орун басары болгон, азыр болсо органдарды алмаштыруу комитетин жетектейт. Медициналык факультетте аны практикалык ишти өркүндөтүү боюнча аракеттери үчүн баатыр деп аташкан.

Ошентип, Австралиядагы эң абройлуу окуу жайлардын бири Сидней университетинде мурдагы бүтүрүүчү Хуан Жей Фуга карата академиялык коомчулуктун пикири экиге бөлүнүп калды.

Медицина факультетинин айрым мүчөлөрү үчүн ал ардактуу профессор болуп шайланып, аны үч жылга узартып алган чемпион жана баатыр болуп саналат. 2005-жылы ал абактагы адамдардын органдарын пайдалануу боюнча Кытайдын тажрыйбасын жайылтып, саламаттык сактоодо маанилүү иштин ээси болуп таанылган.

Ал эми ага каршы чыгып айыптап, аны ардактуу профессор наамынан ажыратууну талап кылып жаткандардын пикиринде, ал жоопкер адам болуп туруп, өзү адам органдарын алмаштырууга катышып, этикага каршы иш кылууда. Ал жана Пекиндин бийликтери абактагы адамдардын органдарын алууну токтотобуз деп тил эмизип гана келатышат.

Кытай жылына абактагы төрт миңден ашык адамды өлүм жазасына тартат. Алардын органдарын жарактуу сактап калыш үчүн иньекция жолу пайдаланылат. Пекин бул ишти акырындык менен токтоторун билдирип келүүдө.

Булак: ВВС Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223460

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.