ЖКнын төрагасы "Талас эл ынтымагы" кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушту

  02.05.13   10:23
 307

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков шейшемби, 30-апрелде Талас облусунан келген "Талас эл ынтымагы" кыймылынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы кабарлайт.

Анда Таластан келген тургандар "Жерүй" жана "Талды-Булак" алтын кендерин иштетүүгө тыюу салуу талаптарын айтышты. Алар өз кооптонууларын Кумтөрдөгү түзүлгөн абал менен байланыштырат.

Төрага жергиликтүү тургундардын кооптонуп жатканына түшүнүүчүлүк мамиле жасай тургандыгын баса белгиледи. "Калктын кендерди иштетүү жана экологиялык кесепеттер үчүн кооптонуусу өткөн жылдары бул тармакта орун алган коррупциялык схемаларга жана иш жүзүндө көзөмөлдөн сырткары калган иштетүүлөргө байланыштуу келип чыккан", - дейт ал.

"Кендерди иштетүүгө таптакыр эле тыюу салып коюу да туура болбойт. Тоо-кен өнөр жайы өлкө экономикасынын эң башкы багыттарынын бири болуп саналат. Кендер иштетилиши керек, ансыз биз эмгек мигранттарынын өлкөсү бойдон калабыз", - деди Төрага. Ал экологияга минималдуу таасир эте тургандай эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүшү керек экенин белгилөө менен, инвесторлорду тандоо сынактары ачык-айкын өткөрүлө турганын кошумчалады.

А.Жээнбеков кендерди иштетүүдө калктын саламаттыгы менен экологиялык абалга таптакыр зыяны тийбегендей жогорку технологиялуу өндүрүшкө артыкчылык берүү, андан ары кен өндүрүлгөн жерди сөзсүз түрдө жогорку деңгээлде рекультивациялоо зарылдыгын белгиледи.

Талас облусунун өкүлдөрү аймактагы андан башка да социалдык-экономикалык көйгөйлөргө, тагыраак айтканда, чек ара, мектептерди куруу, билим берүү мекемелерин оңдоо, айыл чарба өнүмдөрүн сатып өткөрүү маселелерине токтолушту.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223462

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.