Алмазбек Атамбаев КЭРдин коомдук коопсуздук министрин кабыл алды

  02.05.13   10:42
 268

Шейшемби күнү, 30-апрелде, президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын (КЭР) мамлекеттик кеңешинин мүчөсү- КЭРдин коомдук коопсуздук министри Го Шэнкунду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Мамлекет башчысы бул КЭРдин жаңы жогорку өкүлчүлүгү калыптангандан берки биринчи иш сапар экендигин баса белгиледи.

"Биз Кытай мураскерликти сактаган өлкө экенин билебиз жана биздин мамилелер чыңдала берерине жана жакшыра берерине ишенебиз. Биз жакшы биргелешкен долбоорлорду күтөбүз",- дейт мамлекет башчы.

Өз кезегинде министр президенттин жылуу кабыл алганына ыраазычылык билдирип КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин салам дубай жолдоду. Ал ошондой эле Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусун жогору баалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223464

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.