ТИМ Сауд Арабиясында ажылар үчүн микроавтобус сатып алууга түшүндүрмө берди

  02.05.13   10:46
 306

""Кыргызстандагы жана Орто Азиядагы мусулмандар конгресси" коомдук бирикмесинин президенти Бакыт Нурдиновдун Кыргызстандын муфтияты КРдин Сауд Арабиясындагы элчилигине автоунаа белекке бергени тууралуу билдирүүсү чындык эмес жана Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) менен КРдин чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишин атайылап каралоо болуп саналат", -деп билдирет ТИМдин маалымат, басмасөз жана маданият башкармалыгы.

"2012-жылдын тартып ажылар зыярат кыла турган жайга унааларды өткөрүү режими күчөтүлгөнүнө байланыштуу Кыргызстандагы "Ажылык миссиясы" штабы элчилик аркылуу "Хюндай Н1" унаасын сатып алууга жардам берүүнү өтүнгөн. Унаа сатылып алынып жана КРдин Сауд Арабиясындагы элчилигинин балансына кабыл алынып, "0004 NGD" дипломатиялык номери берилген",- деп түшүндүрөт ТИМдин маалымат, басмасөз жана маданият башкармалыгы. Ажылык маалында кичи автобус штаб тарабынан пайдаланылат жана "Ажылык миссиясынын" ишмердигин тейлейт, калган убакта макулдашылгандай унаа элчиликтин керектөөсүнө колдонулат.

Мекке шаары Эр-Рияд баш калаасынан 900 чакырым аралыкта турганын эске алганда министрлик "чакан автобусту сатып алуу элчилик менен штабдын жакшы карым-катышына мүмкүндүк түзө турганын" белгилейт.

Ошол эле маалда ТИМ элчилик ажылыкты уюштуруу менен иш алып барбасын баса көрсөтөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223466

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.