Обама Гуантанамодогу түрмөнү жаба турганын кайрадан билдирди

  02.05.13   10:47
 299
 

АКШ президенти Барак Обама, Гуантанамодогу америкалык түрмөдө кармалып турган жүзгө чукул киши эч кандай айып тагылбастан мөөнөтсүз эле кармалып турганга каршылык билдирип ачкачылык жарыялаган соң, бул абак жайды жабууга кайрадан аракет көрөөрүн билдирди.

Обама Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө, "Гуантанамодогу түрмөнүн болушу биздин баалуулуктарга каршы келет жана өлкө кызыкчылыгына шек келтирүүдө" деди.

Ал, террорчулук боюнча айыпталгандардын үстүнөн болгон жакынкы эле сот процессин эске салып, бул жагдай мындай иштер бир гана аскердик трибуналда чечилбесин көрсөттү деп айтты.

Конгресс буга чейин президенттин бул түрмөнү жабуу аракеттерине бут тоскон эле. Бирок Обама мыйзам чыгаруучулар менен сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыра турганын айтты.

Ал журналистерге берген маегинде, Гуантанамодо такай маселе чыгып келиши аны таң калдырбай турганын айтты.

"Бул турмө эффективдүү эмес. Ал биздин эл аралык кадыр-баркыбызга шек келтирип, террорчулукка каршы күрөшүүдөгү союздаштарыбыз менен болгон мамилеге залакасын тийгизүүдө. Ошондой эле бул түрмө экстремистерди азгыруу инструменти болууда. Андыктан бул түрмө жабылышы керек ", - деди Обама.

Булак: ВВС Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223467

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.