Октябрь айылынын тургуну кошунасын бычактап өлтүрдү

  02.05.13   10:59
 349

Октябрь айылынын тургуну кошунасы менен урушуп кетип, аны бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басмасөз кызматына билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-май күнү Аламүдүн райондук ИИБга адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерден ыкчам иликтөө тобу төшүнө бычак жеген 51 жаштагы адамдын денесин табышкан. Анын жанында кан болгон кийимдери жана ашкана бычагы да болгон. Бул факт боюнча Аламүдүн районунун иликтөө бөлүмү "Адам өлтүрүү" беренесинин незигинде кылмыш ишин козгогон. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында Октябрь айылынын милиция кызмакерлери кылмышка шектүү деп мурун соттолгон 50 жаштагы адамды колго түшүрүшкөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223468

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.