Азербайжан: Түрмөдө отургандар интернетке кошулат

  02.05.13   11:03
 224

Азербайжан камакта отургандардын интернет колдонуусуна мүмкүнчүлүк берүүнү пландап атат. Бул тууралуу Lenta.ru сайты АПА булагына шилтеме берүү менен билдирди.

Ушул жылдын аягына чейин тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча өлкө парламентинде талкууланат.

Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, Азербайжандын түрмөлөрүндө жазасын өтөп аткандар, улутуна карабастан интернет колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси ким экени азыр маалымдала элек.

Абакта отургандардын ар бирине күнүнө интернет колдонуу үчүн чек киргизилет. Андан сырткары абактагылар Skype аркылуу жакындары менен да баарлаша алары айтылууда.

Мыйзамга киргизиле турган бул өзгөртүү качан кабыл алынары азыр арсар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223469

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.