Алишер Усманов Appleдин акциясын 100 млн долларга сатып алды

Орусиялык миллиардер Алишер Усманов Apple корпорациясынын акциясын 100 млн долларга сатып алды.
  02.05.13   11:22
 266

Ал компаниянын келечегине ишене турганын айткан. Ошентсе да компаниянын акциясы өткөн жылдын сентябрь айынан бери бир кыйла төмөндөгөн эле. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.

"Компания 100 млрд доллар капитализациясын жоготкондон кийин, анын акцияларын сатып алууга ыңгайлуу убакыт жаралды. Анткени капитализация кайтадан ордуна келет",- дейт Усманов.

Ал компаниянын акцияларын качан сатып алганын так айткан жок. "Эч нерсе түбөлүктүү эмес... Ошентсе да алдыдагы 3 жылда Appleга перспективдүү инвестиция салынат деп ишенем",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223471

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.