"Түндүкэлектрде" директорлор кеңешинин үч мүчөсү алмашты

  02.05.13   11:20
 279

"Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун (ААК) директорлор кеңешинин беш мүчөсүнүн үчөө алмашты. Мындай чечим 26-апрелде акционерлердин жылдык жыйынында кабыл алынганын бөлүштүрүү компаниясынын басмасөз кызматы кабарлайт.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында "Түндүк электрдин" директорлор кеңешинин курамына Өмүрбек Кожеков менен Сапарбек Аргымбаев кайрадан шайланды. Ал эми Жусупкан Мамыров, Касен Шакиров жана Асан Чурмуков кеңештин жаңы мүчөлөрү болуп калышты. Асан Чурмуковдун талапкерлигин компаниянын 13,2 пайыз акциясы таандык болгон Социалдык фонд сунуштаган.

Директорлор кеңешинин калган төрт талапкери башкы акционер- Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан сунушталган. Аталган фондго компаниянын 80,5 пайыз акциясы таандык.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223472

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.