Токтогул районунун соту 6 жылга эркинен ажыратылды

  02.05.13   11:52
 247

Токтогул районунун соту Ж. Эгембердиев пара алгандыгы үчүн 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу УКМКнын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2011-жылдын ноябрында УКМКнын кызматкерлери Токтогул районунун соту жол кырсыгынан улам кылмыш жоопкерлигине тартылып жаткан адамдын соттук ишин оң жагына чечип берүү максатында андан 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармашкан. Бул фракт боюнча "Пара өндүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

2011-жылдын декабрында Соттор кеңеши Башкы прокуратуранын судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган.

2012-жылдын майында Жалал-Абад шаардык соту Эгембердиевди күнөөлү деп таап, аны шарттуу түрдө 6 жылга эркинен ажаратуу чечимин чыгарган.

2012-жылдын ноябрында прокуратуранын апелляциялык көрсөтмөсүн экинчи инстанциянын соту - Ош облустук соту Жалал-Абад шаардык сотунун чеимин күчүндө калтырган.

2013-жылдын 13 мартынада Жогорку сот Ош облустук прокуратурасынын арызынын негизинде Жалал-Абад шаардынын жана Ош облусунун сотунун чечимин жокко чыгарып, Эгембердиев жазасын 6 жыл түзөтүү колониясында өтөө чечимин чыгарган. Жогорку соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223474

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.