Көлбаевдин иши боюнча дагы бир күбө көрсөтмө берүүдөн баш тартты

  02.05.13   12:19
 352

Бүгүн, 2- майда, Биринчи Май райондук сотунда криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин иши боюнча көрсөтмө берүүчү күбөлөрдүн бири Бакыт Исабеков Көлбаевди тааныбай тургандыгын маалымдады. Бирок сурак учурунда ал Көлбаев менен телефон аркылуу байланышкандыгын айткан.

"Мен анда "Газпромнефть Азия" компаниясында иштеп, тендердик комиссиянын мүчөсү болчумун. Көлбаев мага чалган эмес жана мен дагы ага коңгуроо кылбагам ",- деди Исабеков.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу Исабековдун Көлбаев менен бала кезинен бери тааныш болгондугу жана анын телефон чалгандыгы тууралуу берген көрсөтмөсүн окуп берди.

"Мен Көлбаевди интернет аркылуу гана билем. Мен аны тааныбасам, мага кантип телефон чалмак эле? Мүмкүн тергөөчү экөөбүз бири-бирибизди түшүнбөй калган чыгаарбыз. Көрсөтмөгө коюлган кол меники эмес"- деп кошумчалады күбө.

Буга чейин дагы бир нече күбө сот залында тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартышкан.

Эскерте кетсек, Камчы Көлбаев 2012-жылы 8-декабрда кармалып, убактылуу тергөө абагына камакка алынган. Ал кылмыш тобун уюштуруу, мыйзамсыз маңгизат даярдоо жана сатыкка чыгаруу, мыйзамсыз курал-жарак сактоо, бийлик өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү сыяктуу бир нече беренелер боюнча айыпталууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223476

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.