Жалпы республикалык тестирлөө өзбек тилинде да болмой болду

  02.05.13   13:26
 255

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнү өзбек тилинде берүүнү каалаган 1 600 бүтүрүүчү бар. Бүтүрүүчүлөрдүн саны тести өзбекче берүүгө жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда, Билим берүү жана илим министри Канат Садыков маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле ЖРТны өткөрүп аткан Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун мүмкүнчүлүктөрүн да эске алуу керектигин кошумчалады.

"Министрлик өзү ЖРТны өткөрсүн деп чыккан жокпуз. Улуттук тестирлөө борборунун потенциалы бул үчүн жетишсиз. Тажрыйба көргөзгөндөй Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун ишине каршылык көргөзгөн жеке тараптар болуп атат. Бирок системалык ката эмес. Биз болгону бул борбор монополист болбосун деп атабыз. ЖРТны уюштурууда биз бир гана Улуттук тестирлөө борбору тууралуу эмес, башка уюмдарды түзүүнү да айтып атабыз. ЖРТны уюштурууну толугу менен колго алуу азырынча эрте",- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223478

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.