Майдын башында күйүүчү жана майлоочу майга болгон баа жогорулабайт

  02.05.13   13:51
 279

Майдын башында күйүүчү жана майлоочу майга болгон баа жогорулабайт. Бул тууралуу "ВБ"га бүгүн, 2-майда Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев билдирди.

Эскерте кетсек, 20-апрелде Россияда жазгы талаа иштерине байланыштуу күйүүчү жана майлоочу майдын баасынын жогорулагандыгына байланыштуу Кыргызстанда дагы нефтетрейдерлер дизель отунуна болгон бааны 50 тыйынга жогорулатууга аргасыз болушкан.

Акенеевдин айтымында, Россияда күйүүчү жана майлоочу майга болгон баанын өсүп жаткандыгына байланыштуу, Кыргызстанда баа 2,3 сомго чейин жогорулашы керек болчу. Бирок нефтетрейдерлер запастагы 18 миң тонна дизель отунун эске алуу менен аларды азыркы жогорку баа менен сатпастан, бааны акырындык менен жогорулатуу чечимин кабыл алышкан.

"Россияда күйүүчү жана майлоочу майдын баасы турукташып калгандыктан жана жекргиликтүү компанияларда эки айга жеткидей дизель отунунун запасы болгондуктан май айынын башында баа жогорулабайт. Күйүүчү жана майлоочу майга болгон баа майдын экинчи жарымында көтөрүлүшү мүмкүн. Бардыгы Россиядагы абалга байланыштуу болот", - деди Акенеев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223479

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.