Өкмөткө Жерүй боюнча сот ишине юрист табуу тапшырылды

  02.05.13   13:51
 277

Казакстандын Visor Group инвестициялык компаниясы менен соттошуу ыктымалдуулугу болгондуктан Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн юридикалык компанияларды издеп баштоо сунушу өкмөткө сунушталды. Бул тууралуу өкмөттөгү жеке булактардан "ВБ"га маалым болду.

Юристтердин кызматын алуу боюнча тендер жарыялоону Юстиция министрлигинин эл аралык арбитраж боюнча атайын комиссиясы сунуштаган.

Visor Groupтун Кыргызстандын өкмөтүн сотко берүү тууралуу билдирүү каты үстүбүздөгү жылдын март айында келген. "Катта алар Жерүй алтын кени боюнча берилген лицензияны жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүгө барууну сунушташкан. Алар өз дооматын 400 млн доллар деп баалашкан. Бирок дооматынын мынча көлөмүн кайсыл негиздерге таянганын жазышкан эмес",- дейт жеке булак.

Алардын айтуусуна караганда жарым жыл мурда Visor Group өкмөттөн эч кандай негизсиз эле 700 млн доллар төлөп берүүсүн талап кылышкан болчу.

Ал өртөдө өкмөт Жерүй кенин иштетүүнү конкурска койду. 10-майга чейин потенциялдуу инвесторлордун арызы кабыл алынат. Конкурстун шарты боюнча уткан тарап болушу мүмкүн болгон сот ишинин милдеттерин өз мойнуна алат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223480

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.