Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлеринин премиясынын 50%ы спикерге жумшалган

  02.05.13   14:31
 269

Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлеринин премиясынын 50%ын төраганын расмий эмес керектөөлөрүн жабуу үчүн жумшалган. Бул тууралуу 2-майда өткөн маалымат жыйынында парламенттин профсоюзунун мүчөсү Нурлан Асанов билдирди.

Анын айтымында, Асылбек Жээнбековдун атын жамынып алып ЖКнын иш башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кожомкулов төраганын расмий эмес керектөөлөрүн жабуу үчүн аппарат кызматкерлеринин премиясынын жарымын кыскартууда.

"Биз бул ишти кызматтык иликтөөгө алууну суранабыз. Менин оюмча бул боюнча төраганын деле кабары жок. Ошондой эле, кызматкерлерге берилүүчү материалдык жардамдарды дагы кыскартып жаткандыктары айтылууда. Албетте, биз мунун далилдеп бере албайбыз. Бул маалыматты берген адамдар эч нерсе айта алышпайт. Анткени алар жумушсуз калуудан коркушат", - деди Асанов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223481

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.