Министр билим берүүнү мамлекеттик тилге которуу тууралуу маалыматты төгүндөдү

  02.05.13   14:35
 299

Билим берүү системасы толугу менен мамлекеттик тилге которулбайт. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда, Билим берүү жана илим министри Канат Садыков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, билим берүүнү толугу мамлекеттик тилде жүргүзүү болбойт, себеби, орус тилинде сабак берген класстар менен мектептердин тенденциясы өсүүдө.

"Бул элдин тандоосу жана ал Конституцияны бузбайт. Орус тилине болгон кызыгуу сакталууда",- деди Садыков.

Министр ошондой эле 5-класстан 9-класска чейинкилер үчүн мамлекеттик тилде окуу-куралдарын чыгаруу каралганын кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223482

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.