Турсунбек Акун Дүйшөмбүгө болгон иш сапары тууралуу отчет берди

  02.05.13   14:52
 363

Бүгүн, 2- майда, акыйкатчы Турсунбек Акун маалымат жыйынан өткөрүп, Дүйшөмбүгө болгон иш сапары тууралуу отчет берди. Биринчи кезекте эки өлкөнүн чек ара маселесин көтөрүп чыккандыгын айтып, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Урмат Саралаев менен жолугуп, тажик бийлигинин алдында бул суроону кабыргасынан коюу керек экендигин баса белгилегендигин маалымдады. Ошондой эле, Худжанд шаарына чакан штаттык негизде консулдук ачуу тууралуу негиздеме жазылгандыгын айтты.

"Башка дагы маселелер талкууланды. Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги Тажикстандын суденттери үчүн 25 бекер орун бөлүп берди.Бирок алар 50 орунга чейин көбөйтүп берүүнү суранышууда", -деди акыйкатчы.

Ошондой эле ал маңзат ташуу, автоунаа урдоо жана шпиондук сыяктуу кылмыштин түрлөрү боюнча 20га чукул кыргызстандыктар Тажикстандын абактардын отургандыгын айтып өттү.

" Аларды экстрадициялоо үчүн Тажикстандын акыйкатчысы менен макулдашууга кол койдук. Мен бул маселени чечкенге аракет кылам", - деди Акун.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223483

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.