Чүй облусунунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

  02.05.13   15:07
 328

Бүгүн, 2-май күнү саат 10:52де Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу "ВБ"га Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам мөөнөтчүсү Улан Байболов билдирди.

Анын айтымында, жер титирөөнүн очогу Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнүн Тунук айылынан 20 чакырым батыш тарапта жана Бишкек шаарынан 110 чакырым аралыктагы түштүк-батыш тараптан келип чыккан.

"Жер титирөөнүн күчү очогу катталган жерде 4 баллга жетти",-деди Байболов.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223484

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.