Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү

  02.05.13   15:43
 222

Бүгүн, 2-майда, президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн алдыда боло турган реформалары жөнүндө жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жыйынга Коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев, Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, Ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Бейшенбай Жунусов, ошондой эле Мамлекеттик чегара кызматынын төрагасы Токон Мамытов катышты.

Мамлекет башчысы 2013-2017- жылдар үчүн кабыл алынган Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү боюнча улуттук стратегиясына мамлекеттин коопсуздугун жана анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылыш үчүн Куралдуу күчтөрдү реформалоо максаттары коюлганын белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223487

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.