16-майда Бишкекте вакансиялардын жарманкеси өтөт

  02.05.13   15:47
 268

16-майда борбордо Бишкек гуманитардык университетинин базасында вакансиялардын жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басмасөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага 4 билим берүү борбору жана шаардын 24 ишканасы катышат. Иштебеген студенттерге жана мектептин бүтүрүүчүлөрүнө арлаган жарманке Бишкек шаардык башкармалыгы, Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги жана К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети менен биргеликте уюштурулууда. Жарманкенин өткөрүлүшү менен шаардын ишканаларынан жана уюмдарынан 4 миң кызмат орундары бөлүнүп берилет. Ошондой эле суденттерге өндүрүштүк практика өтүү үчүн ишканаларды тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223488

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.