Таласта футболчулар арасында турнир болууда

  02.05.13   16:39
 354

Элдик кабарды жөнөткөн Жеңишгүл Тоголокова

Кечээ, 1-майда, Талас шааарынын Кутманалиев атындагы стадионунда Абдыш Секебаев Алымкул уулунун элесине арналган өспүрүмдөр арасындагы футбол турнири башталды. Турнирге республиканын аймактарынан келген жана Казакстандык жаш футболчулар катышууда. Иш- чаранын ачылышы Талас шаардык Балдарга билим берүү борборунун чакан концерти менен коштолду.

"Бул иш чара 5 майга чейин созулат. Жалпысынан 8 команда катышууда. Жеңишке жеткен команданын ар бир оюнчусу диплом жана медалдар менен сыйланат. Ошондой эле, эң мыкты оюнчуларга дагы белектер каралган",- деди Талас шаардык дене тарбия спорт бөлүмүнүн башчысы Бекен Осмоналиев.

Иш чара Талас шаардык мэриясы жана "Абдыш ата" компаниясы тарабынан каржыланган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223493

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.