Кыргызстан араб дүйнөсүнөн инвестиция тартып келүүгө кызыкдар

  02.05.13   16:43
 275

Кыргызстан араб дүйнөсүнөн инвестиция тартып келүүгө кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда, "ВБ"га 30-апрелден бери Бириккен Араб Эмираттарында, Дубай шаарында жыл сайын өтүүчү инвестициялык үчүнчү форумга (AIM) катышып жаткан КРдин Экономика министри Темир Сариев билдирди.

Иш-чарага катышып жаткан өлкөлөргө өздөрүнүн инвестиция мүмкүндүктөрүн эл аралык агенттиктерге, каржы институттарына, ири банктар менен инвестфонддорго сунуштоого шарт түзүлөт.

Сариевдин айтымында, бул форумга Кыргызстан экинчи жолу катышып жатат, анткени өлкөнүн ресурстары чектелген, азырынча стенд жасап Кыргызстандын потенциалын көргөзмөдө көрсөтүүгө мүмкүндүк жок.

"Биз жеке инвесторлор келиши үчүн жагымдуу шарт түзүшүбүз керек. Бул бизге жаңы жумушчу орундарды, жаңы технологияларды, заманбап менеджментти алып келет жана ички рыноктун товарга толушуна шарт түзөт",- деп белгилейт ал.

Министр Кыргызстандын жакшы мыйзамдык базасы бар экенин, салык кодекси жетишээрлик либералдуу экенин белгилеп өттү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223494

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.