Садыр Жапаров: Эгер соттун эрки жетсе мени жана башка депутаттарды бошотот

  02.05.13   16:47
 274

"Эгер соттордун эрки жетсе мени жана соттолуп аткан атажуртчу депутаттарды бошотот". Мындай пикирин "Ата-Журт" фракциясынын камактагы депутаты Садыр Жапаров Бишкек шаардык сотунда билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-майда, шаардык сотто атажуртчу депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров Талант Мамытовдун жана эксперт Кубат Кожоналиев менен депутаттардын үч жан сакчысынын иши каралууда.

Жапаровдун айтымында, сот коллегиясы залда отурган парламент депутаттарынын бардыгын бошото албайт. "Адилетсиз өкүм чыгаруу соттордо эмес, ал жогорку саясый эшелондо экенин мен билем. Анткени биздин иш толугу менен саясатташтырылган. Жогорку бийлик төбөлдөрү колуна алган сот системасы чириген. Эгер соттордун эрки жетсе алар бизди мыйзамга ылайык бошото алышат",- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223495

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.