5-майда Кыргызстандын мигранттары үчүн бирдиктүү call-центр ишке кирет

  02.05.13   16:46
 334

5- майда Россиядагы Кыргызстандык мигранттар үчүн Москвада ачылган call-центрдин расмий ачылыш аземи өтөт. Маалым болгондой, мигранттар ал жакка чалып, элчиликтин дарегин, кыйынчылык абалга дуушар болуп калган учурда кайсыл жакка жана кимге кайрылуу керек экендиги, жоголуп кеткен документтерди кантип калыбына келтиүүнүн жолдорун, кантип легалдаштыруу керек экендигин, кантип жумуш тапса боло тургандыгын жана башка ушул сыяктуу маселелер менен кайрылса болот. Ачылуу аземине Кыргызстандын Россиядага толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Жунусов, Федералдык миграция кызматынын өкүлдөрү, Миграция боюнча эл аралык уюмдар жана коомдук уюмдардын жетекчилери чакырылган.

Бирдиктүү маалымат борборуна: +7 (495) 544-38-28 телефон номерлери аркылуу байланышка чыкса болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223496

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.