Россия-кыргыз ишкер кеңеши биргелешкен долбоорлордун мониторингин өткөрөт

  02.05.13   16:49
 272

Россия-кыргыз ишкер кеңеши (РКИК) Кыргызстан менен биргелешип ишке ашырылып жаткан баардык долбоорлорду мониторинг кылууну баштайт, ошондой эле бир катар жаңы долбоорлорду иштеп чыгууга киришет. Бул тууралуу РКИКтин төрагасы Иван Поляков бир аз мурда Москвада болгон кыргыз-россия жана россия-кыргыз ишкер кеңешинин олтурумунун жыйынтыгына комментарий берип жатып белгиледи.

Эске салсак, жыйын КРдин өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин ушул жылдын 22-23- апрелинде Россия Федерациясына жасаган жумушчу сапарынын алкагында өткөн.

"Тараптар машина куруу, энергетика, маалымат системалары менен байланыш каражаттары, тоо-кен тармагы, айыл чарбасы, азык-түлүк, транспорт, туризм жана көргөзмө ишмердүүлүгү сыяктуу бир нече тармактарда реалдуу долбоорлорду ишке ашырууну чечти",- деп белгиледи Поляков. Ошондой эле ал Камбар-Ата 1-ГЭСи, Жогорку Нарын каскад ГЭСинин курулушунан тышкары азыр шериктер тарабынан каралып жаткан бир нече демилгелерди атады.

Бул тизмеге Поляков Кыргызстанда жогорку технологиялар инновациялык паркын түзүү, эл аралык технологияларга шайкеш келген эт комбинатын куруу, кошумча кайра иштетүүчү өндүрүштү калыптандыруу жана башкаларды кошту.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223497

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.