Эртең Бишкектин айрым райондорунда жана Кара-Балтада электр жарыгы өчүрүлөт

  02.05.13   16:51
 276

Эртең, 3-майда, саат 9-00дөн 17-00гө чейин Бишкектеги "Көк-Жар", "Ак-Өргө" конуштарындагы (Кербез, Алтын-Бакан, Жаңыл Мырза көчөлөрүндө), Кызыл-Аскер, Сергей Лазло, Ленин, Жаш Гвардия, Үч-Курган, Урицкий, Ат-Башы, Скандинавский көчөлөрүнүн төрт чарчысында; Сокулук районундагы Чоң-Жар, Кичи Шалта айылдарында Күн-Туу айылынын дачаларында электр энергия үзгүлтүккө учурайт.

Ошондой эле бул күнү саат 9-00дөн 17-00гө чейин Жайыл районундагы Жайыл айылынын (Борбордук көчөсүндө), Кара-Балта шаарындагы (40-лет Киргизии кварталындагы көп кабаттуу №39-үйдө) саат 9-00дөн 14-0 гө чейин Кемин районунда Боролдой, Чым-Коргон, Шабдан, Кызыл-Байрак айылдарынын бир бөлүктөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Жогоруда белгиленген аймактардагы электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы, жогорку чыңалуудагы "Жал" көмөкчордонунда, трансформатордук көмөкчордондордо, аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223498

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.