Акыркы үч айда Жалал-Абал областында 94 кг алтын өндүрүлгөн

  02.05.13   17:02
 326

Үстүбүздөгү жылдын үч айында эле Жалал Абад областында 94 кг алтын өндүрүлгөн. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн экономика, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш секторунун башчысы Мирбек Тотонов маалымдады.

Анын айтымында, тоо-кен өндүрүү тармагындагы ири өнөр жай ишканаларынан 3 айдын жыйынтыгы менен "Макмалалтын" комбинатында 229,1 млн.сомдук продукция өндүрүлүп, өндүрүштүн өсүү темпи өткөн жылга салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 90,3 пайызга аткарылган. Ал эми "Терек-Сай" кен иштетүү филиалында продукция өндүрүлүп, сатууга даярдоо иштери жүрүп жаткандыктан, көлөм апрель айынан баштап статистикалык маалыматка кире баштайт. "Жалал-Абад облусунда 2012-жылы тоо-кен өндүрүү тармагындагы ири өнөр-жай ишканаларынан Тогуз-Тородогу "Макмалалтын" комбинаты - 906 млн. сомдук продукция өндүрүп, физикалык көлөмдүн индекси 101,1 пайызга, "Терек-Сай" кен иштетүү филиалында - 568 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 132 пайызга аткарылган.",- дейт Тотонов

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223500

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.