"Камеко-Манзини" заводунун томаттары Россияга экспорттолот

  02.05.13   17:06
 288

Талас областынын Манас районунун Покровка айылында жайгашкан "Камеко-Манзини" томат заводу быйылкы жылы жай айында ишке кирүү аракетин көрүп жатат. Бул туурасында аталган заводдун жетекчилеринин бири Сейит Маматов билдирди.

Анын айтымында, италиялык жабдуулар менен курулуп жаткан бул заводдун баасы 3 млн. 700 миң доллар турат. Бул италиялык заводду алып келгендин себеби, Талас облусундагы Манас району өтө ысык. Бул райондо буга чейин кант кызылчасы, төө бурчак айдалып келген.

"Учурда төө бурчак күндүн ысык болгондугуна байланыштуу жакшы түшүм бербей калды. Бир гектардан 500-600 кг төө бурчак алып калып жатабыз. Жайында өтө ысык болгондо төө бурчакты уруп кетип жатат. Күндүн ысыгына, жердин климаттык шартына карап, помидор эгип, томат заводун курсак деген элден суроо-талап чыкты. Ошого карап, томат заводун курууну былтыр июлда баштаганбыз. Ушул имараттын ичинде жабдуулардын баары турат. Бул жерден томат пастасы чыгат. Мунун сапаты эң жакшы. Биздин помидорду өткөн жылы Россияга алып барганда 110 мамлекеттин ичинен помидордун сапаты жагынан биринчи орунду алган", - дейт Маматов.

"Камеко-Манзини" томат заводу ишке киргенде 79 га жакын киши иштейт. Азыркы учурда түшүмдү аябай жакшы берген помидордун көчөтүн Кытай мамлекетинен алып келишкен. Гектарына 50дөн 80-100 тоннага чейин помидор берет деп жатышат. "Эң көйгөйлүү маселе мамлекет тарбынан бериле турган жеңилдетилген кредитке муктаж болуп жатабыз", - дейт Маматов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223501

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.