Президент Баткен облусунун судьяларын дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду

  02.05.13   17:08
 341

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, жаңы курамга конкурстук тандоодон облсотто иштеп жаткан 10 судьянын 3 өттү (30%). Мурда сот системасында иштебеген 4 судьяны кошкондо жаңы 5 судья келди.

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши президентке 2013-жылдын 22-апрелинде Баткен облустук сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуш киргизген.

Колдо болгон материалдарды изилдөөнүн негизинде жана алардын ар бири менен аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алып, мамлекет башчысы сунуш кылынган 2 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди жана 8 талапкер боюнча бул кеңештин сунуштарына макул болду. Буга байланыштуу президент 4 жарлыкка кол койду.

Биринчи жарлыкка ылайык конкурс менен тандалып алынган 8 талапкер Конституциянын негизинде 2013-жылдын 30-апрелинен баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалышты:

- Аданбаев Зарипбек

- Айжигитов Бостонбай

- Алибаев Бактыяр

- Жороев Султангазы

- Карабаев Сооронбай

- Нарынбаев Таштанбек

- Түмөнов Алтынбек

- Толубаева Уулча

Экичи жарлык менен жергиликтүү соттун дайындалган 8 судьясы 2013-жылдын 30-апрелинен баштап Баткен облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

- Аданбаев Зарипбек

- Айжигитов Бостонбай

- Алибаев Бактыяр

- Жороев Султангазы

- Карабаев Сооронбай

- Нарынбаев Таштанбек

- Түмөнов Алтынбек

- Толубаева Уулча

Үчүнчү жарлык менен 2013-жылдын 30-апрелинен баштап Баткен облустук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары толук курамында (6 судья) кызматынан бошотулду:

- Адинаев Азизбек

- Айжигитов Бостонбай

- Карабаев Сооронбай

- Нарынбекова Айсалкын

- Толубаева Уулча

- Шеров Турдубай

Төртүнчү жарлык менен Нарынбаев Таштанбек, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн бошотулду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223502

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.