Аймактарда Чернобыль апаатын эскерип жатышат

  02.05.13   17:09
 261

Жалал-Абад шаардык мэриясында Чернобыль апаатын эскерген жыйын болуп, 28 катышуучусуна жана ар түрдүү себептерден улам каза болгон 7 адамдын үй-бүлө, жакындарына ардак грамоталар менен кошо материалдык жардам тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Эскерүү жыйынында шаардын вице-мэри Таир Чойбеков бардык чернобылчыларга ыраазычылык билдирди. Акырында алар үчүн шаардык маданият кызматкерлери тарабынан атайын концерт тартууланды. Учурда Жалал-Абад шаарында 53 чернобылчы бар. Ал эми эскерүүгө келбей калгандардын көпчүлүгү азыр Россияда иштеп, жашап жүрүшөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223503

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.