Талас областында бодо малдын саны көбөйдү

  02.05.13   17:23
 284

Тоолуу аймактарда малдын башы өтө көбөйө баштады. Азыркы учурда Талас областында 66 миң 291 ири мүйүздүү мал, анын ичинен 33 миң 351 уй, 498 миң 606 кой-эчки, 23 миң 258 жылкы бар. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева маалымдады.

"Мындан 4-5 жыл мурун эл малдын санын көбөйтүүгө көңүл бурса, азыр асылдуулугуна карап иш алып барышууда. Азыр малды асылдандыруу боюнча түйүндөр ачылган. Мындай түйүндү ачып, өз ишин жакшы жолго койгон Талас районундагы Кара-Суу айылында Урмат деген жигитти атоого болот. Фермерлердин баары малдарын ошол жерге алып барып жатышат",-дейт К.Курманалиева.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223505

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.