Кургак учукка каршы күрөшүү үчүн донорлор 12 млн доллардан ашык каражат бөлөт

  02.05.13   17:51
 274

Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы, ошондой эле СПИД жана кургак учук менен күрөшүү глобалдык фонду 2013-2015-жылдарга карата кургак учук менен күрөшүү максатында 12 млн 375 миң 789 доллар суммасындагы макулдашууга кол койду.

Аталган грант Кыргызстанда курак учук илдети менен жабыркагандардын санын төмөндөтүү, дарылоонун кыска мөөнөттүү курстарын уюштуруу, кургак учуктун дарыга туруктуу түрү менен күрөшүүнү күчөтүү максатында бөлүнүп берилүүдө.

Бул каражаттар кургак учукка каршы программаларды иштеп чыгууга, системалык жана адамдык ресурстарды бекемдөөгө, дарылоого, диагностикага, кургак учукка карата биринчи медициналык жардам берүүнү көзөмөлдөөгө жана лабораторияларды жаңылоого жумшалат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223507

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.