Авазбек Абдуразаков Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси болуп дайындалды

  03.05.13   08:05
 302

Кечээ, 2-майда, президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Ооганстан Ислам Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп Авазбек Абдуразаковдун дайындалышы тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалымдама

Авазбек Абдуразаков 1961-жылы туулган. Улуту кыргыз.

Билими жогорку. В. И. Ленин атындагы Ташкент мамлекеттик университетин 1985-жылы бүтүргөн.

Эмгек жолун 1985-жылы "Прогресс" басмаканасында Жакынкы Чыгыш тилдер редакциясында редактор болуп иштеп баштаган (Москва шаары).

1990-жылдары совет-ооган "Астра" АКда котормочу болуп иштеген.

1996-жылы КРнын Иран Ислам Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчисинин жардамчысы болуп дайындалган.

2005-2013-жылдары "Кыргызтемиржолсервис" ЖЧКнын коммерциялык директору болуп иштеген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223509

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.