Президент өкмөткө тез арада Кумтөргө атайын комиссия жөнөтүү тапшырмасын берди

  03.05.13   08:45
 267

Президент Алмазбек Атамбаев, кечээ, 2-майда, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Кумтөр кениндеги металл аралашпаган жер кыртышынын жылышына байланыштуу жагдайды талкуулады.

Өкмөт тарабынан түздөн-түз Кумтөр кенине атайын комиссия түзүп, жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Атайын комиссия тез арада кен иштетүүчү жердеги жагдайды изилдеп, металл аралашпаган жер кыртышынын жылышын экологиялык жана өнөр жай коопсуздугуна тийгизген таасиринин деңгээлин аныктап, бул проблеманы чечүү боюнча тиешелүү сунуштарды киргизмекчи.

Президент комиссия ошону менен бирге металл аралашпаган породанын катмарынын жылышына байланыштуу Centerra Gold компаниясынын менежментинин аракеттерине дагы баа берүүгө тийиш экендигин баса белгиледи

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223510

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.