Атажуртчу депутаттардын 3 жан жакчысы камактан чыгарылды

  03.05.13   08:56
 244

Бишкек шаардык соту "Ата-Журт" фракциясынын камактагы депутаттарынын үч жан сакчысы - Бекзат Исаев, Каныбек Камчыбеков жана Сүйүн Кадырбаевди үй камагына чыгарды.

Мындай чечимди 2-майдагы сот отурумунда ишке төрагалык кылган судья Курманкул Зулушев чыгарды.

"Айыпталып аткандар Бишкектен чыгып кетпеши керек. Алар жашаган жеринде түн ичинде да болушу керек",- деп кошумчалады сот.

Ал эми Жогорку Кеңештин камактагы үч депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун баш коргооо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч канаатандырылган жок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223511

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.