Баткен облусунда аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан товар кармалды

  03.05.13   09:20
 337

25-апрелде Баткен облусунун Миң-Орук айылынын айланып өтмө жолунда Тажикстандан чыккан "Вольво FH12" жүк ташуучу автоунаасы аткезчилик жолу менен товар ташып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автоунааны текшерүүгө алган учурда андагы коробкалардын ичинен эч кандай тишелүү документи жок 133 200 даана жумурка табылган. Бул товарларды Кыргызстандын аймагына алып кирүүдө анын мыйзамдуулугун текшерүүгө алуу боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.Учурда бул ишти Бажы кызматынын Ош облусу боюнча иликтөө бөлүмүнө өткөрүп берүү маселеси каралууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223517

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.