Бишкекте Жохар Царнаев үчүн сыйынууга чакырган баракчалар пайда болду

  03.05.13   09:25
 262

Мындай баракчалардын пайда болгонун Twitter тармагынын колдонуучулары жазып, тартылып алынган сүрөтүн да чыгарышты.

Эскертсек, Жохар Царнаев агасы Тамерлан Царнаев менен Бостондо марафон учурунда жардыруу жасаган деп айыпталууда. Агасы Тамерлан кармоо учурунда ок тийип, каза болгон.

Twitterдин колдонуучулары мындай баракчаларды Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктөн, Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинен жана ЦУМдун жанынан көргөнүн жазышкан. Ошондой эле бул баракчалар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) имаратынын дубалдарында чапталып турганын көрүшкөн.

Баракчада Царнаев күнөөлүү эместигин жана муну канча көп киши билсе, адилеттүүлүккө жетишүү ошончо оңой болгону жазылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223518

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.