Карамат барабы же калабы?

  03.05.13   09:45
 349

"КДСПнын аксакал депутаты Эгемберди Эрматов Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагалыгына барып, Жокедеги ордун бошотту. Экс-депутаттын ээн калган орду - социал-демократтардын ортосундагы чукчуңдашмай-чукушмайларды пайда кылды" деп жазат "Фабула" гезити.

Апрель окуясына чейин аз убакыт ЖоКеде депутат болуп, анан кийин министр, Баткен облусунун губернатору, учурда ошол эле облустун губернаторунун орун басары болуп иштеп аткан Карамат Орозованын "Очуреди" келип калган экен. Бирок партия билермандары "Сиз аз болсо да далай кызматта иштедиңиз, азыр деле бош эмессиз, облустун экинчи адамысыз, парламенттеги ордуңузду жаштарга бериңиз" - деп тизмеде кийинки турган КАсымбеков Нурбек дегенди ээрге мингизмекчи болуп атышат. Карамат айым буга караманча каршы чыгып, ынынбай атыптыр, дейт "Фабула".

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223519

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.