MegaCom менен Beeline Монополияга каршы агенттикти сотко берди

Доо арыз азыр Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда каралып жатат
  03.05.13   10:18
 320

"Альфа Телеком" (MegaCom уюлдук оператору) жабык акционердик коому менен Sky Mobile (Beeline уюлдук оператору) жоопкерчилиги чектелген коому Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигин сотко беришти. Бул тууралуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Бабырбек Жээнбеков "ВБ"га маалымдады.

Анын айтымында, MegaCom ведомствону компанияны монополисттердин реестрине киргизген үчүн сотко берген. Доо арыз азыр Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда каралып жатат. Биринчи олтурум уюлдук оператордун өкүлдөрүнүн жоктугунан улам болбой калган.

"Альфа Телеком" өткөн жылдын декабрь айында өзүнө тагылган монополист деген статусун четке кагууда. Жээнбеков түшүндүргөндөй, уюлдук оператордун рыноктогу жалпы үлүшү 35 пайыздан ашкандыктан, мыйзам боюнча монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги MegaCom компаниясын монополисттердин реестр киргизген жана компанияны баа саясатын жөнгө салган.

Beeline компаниясы агенттикти сотко берерин жаңы гана эскертти. Сот органдарынан азырынча эч кандай доо арыз тууралуу маалымат түшө элек. Sky Mobile аталган ведомство компаниянын документин сураганы үчүн сотко кайрылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223520

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.