Ошто Россияга маңзат ташып чыгуучу жол буулду

  03.05.13   10:20
 384

17-апрелде УКМКнын Оштогу кызматкерлери тарабынан облустун аймагы аркылуу Россияга маңзат ташып чыгуучу жол буулду. Бул тууралуу УКМКнын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызстандын аймагы аркылуу Россияга маңзат ташып киргизип туруу максатында иш алып барган Тажикстандын жана Кыргызстандын жарандарынан турган кылмыштуу топ кармалды. Алардын жанынан 2,9 кг героин табылган. Бул боюнча УКМКнын иликтөө бөлүмү "Маңзаттарды аткезчилик жол менен ташып өтүү", "Мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана сатуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223522

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.